Алтынбек Сулайманов: Бюст өзүм билемдик менен коюлбаш керек болчу

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту өзүм билемдик менен коюлганын айтып, бул окуяны атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирди.

“Негизи бюст өзүм билемдик менен коюлбаш керек болчу. Комиссия түзүп, чечим кабыл алабыз. Анан ошого жараша иш кылабыз. Бюст коюларын эч ким билген эмес. Аны мектептин директору, эмгек жамааты өздөрү эле орнотуп алышкан”, – деди Сулайманов.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Кызыл Суу айылындагы мектепке 19-майда Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев бюстка бюджеттен каражат кетпегенин, мектеп директорунун демилгеси менен коюлганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, мектеп 22 жылдан бери Лениндин атын алып жүрөт. Билим берүү мекемесинин директору бюстту пионер кыймылынын 100 жылдыгына карата койгон. Анын ачылышына райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана убагында пионер кыймылына мүчө болгон айыл тургундары катышкан.

Интернет колдонуучулар бул окуяны сынга алып, коомчулукта талкуу болуп жатат.

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн баарында пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду Коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өткөн. 

“Азаттык”