Кыргызстанга нөлдүк алым менен электромобилдерди алып келүүгө квота күчүнө кирди

Кыргызстанга нөлдүк алым менен электромобилдерди алып келүүгө квота күчүнө кирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы 17-майда кол коюп, ал күчүнө кирди.

Токтомго Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдын 24-мартындагы чечимине ылайык кол коюлган. Бул чечимге ылайык, биримдиктин өлкөлөрү электромобилдерди пошлинасыз ташып келүүгө квота алышкан. Ошентип Кыргызстандын жарандары быйыл 5 миң, 2023-жылы 10 миң электромобилди импорттой алат.

Квотадан баш тарткан жападан жалгыз өлкө — бул электр унааларын өз өндүрүшүн өнүктүрүүнү көздөгөн Орусия. Кыргызстандын, Казакстандын, Армениянын жана Беларустун жарандары импорттук электр унааларын орусиялыктарга же Орусияда туруктуу жашаган жарандарга үч жыл бою сата албайт.