Камчыбек Ташиев жемкорлорду кармап жетишпей жатат, – Атазов

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлорду кармап жетишпей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 18-майда өткөн жыйында билдирди.

Атазов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду парламентке чакырып, учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угуу маселесин көтөрдү.

«Камчыбек Ташиев паракорлорду кармап жетишпей жатат. Күндө кармайт, бирок эки айдан кийин эле алар башка жакка барып аким болуп калышат. Өткөндө башкы прокурор жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлерди камап жатабыз деп айткан.

Министрлер кабинети өз алдынча ашынган чечимдерди чыгарып жатат. «Дастан» заводун бир токтом менен Ширшовдун оң колуна өткөрүп берип койду», — дейт Атазов.