Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт

13-майда Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт.

Жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова жана Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышат.

«Ховар» маалымат агенттиги жыйындын катышуучулары КМШ алкагында кызматташуунун келечектерин талкуулап, эл аралык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады.