Каныбек Осмоналиев Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Каныбек Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен комиссиянын мурдагы төрагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулган.