ИИМ социалдык тармакта тараган жашыруун кат боюнча маалымдайт

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Социалдык тармактарда белгисиз милиция кызматкерлеринин атынан жашыруун кат таратылып, анда, автор күйүүчү майдын, форма кийимдеринин жетишсиздиги, андан сырткары учурда милиция кызматкерлери батирдин ижарасына акча каражатын төлөй албагандыгын билдирген. Ошондой эле, калктын саны өсүп жаткандыгын айтып, ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин санын кыскартып жаткандыгын айткан. Кошумча башка дагы ар кандай нааразычылыктар камтылган.


Аталган кат жашыруун болгонуна карабастан Ички иштер министрлиги бул маалыматтар боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүү ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгилейбиз. Ошол эле учурда баса белгилеп айтып кете турган жагдай, эгерде чынында эле ушундай жагдайлар, начальниктердин кордогон фактылары, иштин кызыкчылыгы үчүн эмес жеке кызыкчылыгы жогору турган учурлар бар болсо, анда ар бир кызматкер министрдин так өзүнө кайрылып, аты-жөнүн, иштеген жерин ачык эле жазып жана кайсыл милиция бөлүмүндө мыйзам бузуучулуктарга жол берилгендигин айтып бериши керек. Анткени министр аны жеке өзү көзөмөлгө алып, бул маселелерди чечүү боюнча кескин чараларды көрө ала тургандыгын белгилейбиз.


Азыркы учурда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп жатат. Ага ИИМдин жетекчилиги тарабынан кескин чаралар көрүлүп жатат. Тиешелүү деңгээлде материалдык-техникалык камсыздоо боюнча иштер аткарылып жатат. Өткөн жылы ички иштер органдарынын 80 административдик имаратына курулуш-оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ички иштер министрлиги жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен 71 жаңы кызматтык унааны таратып берди. Бул унаалар бузууларга ыкчам чараларды көрүүгө, милициянын кезметтерин ташууга, ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууга жумшалууда. Андан сырткары, бүгүнкү күндө 57 милициянын көчмө камылдамасы кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу, калктын кайрылууларына, даттанууларына жана арыздарына өз убагында чара көрүү, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн иш алып барууда.
Ички иштер министрлиги тарабынан санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер дагы аткарылып жатат. Коомдук жайларда 2 миң 77 видеокамера орнотулган. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору республиканын бардык аймагында коомдук коопсуздуктун абалын көзөмөлдөө, коомдук жайларда укуктук тартипти камсыздоо, кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн жана координацияны жакшыртууну көзөмөлдөө тапшырмасын аткарууда.


Жогорудагылардын негизинде ички иштер органдарын ар тараптуу камсыздоо иштери жүрүп жатканын баса белгилеп кетүү керек. Азыркы учурда бардык бөлүмдөргө, өзгөчө сырткы кызматтарга жеткиликтүү форма кийимдери берилип жатат. Ал эми татаал шарттарта кызмат өтөшкөн кызматкерлер кошумча кышкы кызматтык форма кийимдери менен камсыздалып жатат. Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлери жайкы, кышкы жана жаз-күз күнүмдүк формалар менен камсыздалган. Учурда милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлери, жол коопсуздугун сактоо багытында иштеген кызматкерлер жаңы форма кийимдери, планшеттер, бодикамералар, авто транспорттор менен камсыздалууда.
Жогорудагы жашыруун катта көрсөтүлгөн төрт-беш жылда бир форма берилери чындыкка дал келберин билдиребиз. Ошондуктан жашыруун каттагы билдирүүлөр чыныгы окуяларга дал келбей, жалган маалыматтар менен коштолгонун белгилеп кетүү керек. ИИМдин кампасында формалар жыйылып жатат деген жалган, бардык кийим-кечектер тиешелүү убактысына жараша берилет. Формалар жана күйүүчү май ИИМге бөлүп берилген каржыга жараша колдон келишинче берилип жатат. Жыл өткөн сайын ички иштер органдарынын бардык кызматтарына шарт түзүү жагы социалдык пакетти ишке ашыруу максатында иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.


“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамынын 72-беренесине (Турак жай мекемелери менен камсыздоонун кепилдиктери) ылайык, укук коргоо органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдөгү кенемте батирлерде жашаган миңден ашуун кызматкерлерге төлөнүп берилүүдө.
Ошондой эле, учурда кылмыш ачуунун пайызы үчүн куугунтуктоо жок. Бирок эсеп, статистика, анализ деген болуш керек. Кайсы бир ички иштер органы мыкты иштеп кылмыш бетин ачып, коомдук тартипти сактоого жан үрөп иштеп жатса, айрым бир милиция бөлүмүнүн бардык позицияда абалы начар болсо, анда жетекчиси да, өздүк курамы да өздөрүнө берилген тапшырманы орундуу аткара албай жатышса, демек иш абдан начар, ал кантип билинет? ИИМдин Башкы Штабы анализ жасап кимдин кандай иштеп жаткандыгын, жакшысын жакшы иштеп жатат, жаманын жаман иштеп жатат деген баа берип, чараларды көрүүнү сунуштайт. Ар бир райондун кылмыш бетин ачууда, коомдук тартипти сактоодо бири-биринен айырмаланган өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү багытында статистикалык анализ жүргүзүлөт. Укук бузууларга жана кылмыштарга ыкчам чараларды көрүү, калктын арыздарын жана кайрылууларын өз убагында кароо тапшырмасы турат. Бул коомчулуктук талабы десек болот. Эсеп жана көзөмөл тартипке гана алып келээрин белгилейбиз. “Процентомания” деген оору жок, ар бир кызмат өз деңгээлине жараша мыкты иштесе ийгиликтер жаралат, тилекке каршы начар иштеген айрым бир жетекчилердин айынан улам ушак, айың, тоголок кат, ишенбөөчүлүк жаралууда. Демек кызматкерлерге шарт түзүү жана кемчиликтер орун алган кызматтардын ишин тыкыр көзөмөлгө алып, бул багытта ишмердүүлүктү улантабыз.
Ички иштер министрлиги бул тарап жаткан каттын жашыруундуулугун эске албастан текшерүү жүрүп жатканын билдирет. Эгерде катта көрсөтүлгөн фактылар анык болсо, анда автор ачык эле жетекчиликке кайрылуусу керек. Анда жетекчилик менен ошол кызматкерлер арасында ачык маектешүү болот. Анткени ички иштер органдарынын кызматкерлерин тиешелүү деңгээлде камсыздоо башкы тапшырмалардын бири болуп саналат. Аталган катта көрсөтүлгөн жагдайлардын баарына адилет мамиле жасала тургандыгын белгилейбиз.
Эгерде Министрге кайрылууга мажбур болсоңуз жан дүйнөңүздөгү сурооңуз, ишеничиңиз, пикир жана сунуштарыңыз болсо жана аны ишке ашырууда кандайдыр бир чочулоо, ишенбөөчүлүк же кооптонуу боло турган болсо ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы сиздердин арыз же кайрылууңарды жетекчиге туз жеткирип берүүгө даяр экендигибизди жана сиздер көтөргөн маселени адилет жана акыйкаттуулук менен чечүү маселесин колго ала тургандыгыбызды билдиребиз.