Абдишүкүр Нарматов казино ачууга жол берген мыйзам тууралуу: Кумаркана бул арам иш

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр Нарматов казино ачууга жол берген мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди.

Төмөндө кайрылуунун тексти:

«Арак жана кумарпоздук — шайтандын ыплас иштеринен. Андан сак болгула! Ошондо (балээ-кырсыктан, тозоктон) кутулушуңар мүмкүн. Арак жана кумар себептүү шайтан бири-бириңди жек көрсөтүп, ортоңорго душмандык пайда кылып, намаздан, Аллахты эстөөдөн силерди алаксытууну каалайт!» (Маида сүрөсү, 90-91-аяттар).

Бул — менин же мага окшогон бир пенденин сөзү эмес. Бул — адамзатты жаратып, Өзү жараткан адам баласына эмне пайда, эмне зыян экенин жакшы билген Жаратуучунун сөзү. Жаратуучунун сөзүн жаратылгандардын талкуулоого акысы да жок. Айрыкча, диний билими жок, Курандын кайсы аяты кайсы учурда, кандай себеп менен түшкөнүн билбеген адамдар Куран аятын өзү каалагандай чечмелегенден этият болуусу керек. Куран ар ким өзүнүн каалоосуна жараша, каалаган учурда, каалаган жерде мисал кыла бере турган кайсы бир жазуучу же акындын китеби эмес. Куран — Жаратуучунун китеби. Аны ачып алып каалагандай чечмелөө ары турсун, даарат алганды билбеген киши ага колун да тийгизбеши керек.

Буга чейин «Куран араптардыкы, кыргыздарга тиешеси жок» деп, калың мусулман журтунун ишенимине шек келтирип жүргөн дааратсыз «теңирчинин» Куранды колтугуна кысып алып, жогорку трибунадан аны арам ишке далил кылганы, анын «теңирди» да, башканы да жыргатпаган, жеке өзүнүн кызыкчылыгын гана көздөгөн адам экенинен кабар берет.

Эл атынан сүйлөгөн депутаттарга айтаар насаатым, кандай арам оюңар болсо да, аныңарды Куранды, динди аралаштырбай эле аткара бергиле. Ансыз да күнөөкөр болуп жатасыңар, күнөөңөрдү адалдайбыз деп күнөө үстүнө күнөө кошпогула.

Арак, кумарпоздук тууралуу Куранда бир канча аяттар бар экени, Аллах Таала динге жаңы кирген адамдардын ыйманына жараша булардын зыяндуулугун утуру-утуру түшүндүрүп, адамдар булардын зыянын толук билип, моюндагандан кийин такыр колдонууга болбой турган арам иш экенин айтып тыюу салганын шарияттан бир аз түшүнүгү бар, баам-барасаттуу мусулмандын баары билет. Арак менен кумар оюндарын адал деп далилдегиси келген депутатыбыз (аны да өзүбүз шайлаганбыз) айтып жаткан аят — бул иштердин зыяндуулугун баяндаган алгачкы аят. Ал аны билип туруп өз кызыкчылыгы үчүн атайын бурмалап жатабы, же билбестен ушинтип жатабы, ал өзүнчө маселе, ага өзү жооп берет.

Менин айтайын дегеним, кийинки күндөрү депутаты да, министри да, куудулу да, ырчы-чоорчусу да, доктуру да, малчысы да, айтор, билген-билбегени аят, хадистен сүйлөп динге мурдун тыгып алган учурлар көбөйүп бара жатат. Муну менен элибизди адаштырыбыз алышыбыз толук мүмкүн. Өтүкчү өтүгүн тигип, наабайчы нанын жапканы жакшы. Куранга, динге кылдат, этият мамиле кылалы».

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алган