Алексей Ширшовдун коррупциялык сехмалары кандай иштеген?

“Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип 10-майда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Анын бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат жана анын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болду.

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдады.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Бул иш боюнча тергөө уланып жатканы, башка да адамдардын ишине юридикалык баа берилери жана мамлектке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тийиштүү чара көрүлөрү белгилүү болду.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалында анын кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү, жакын досу катары таанылган, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов 2010-жылы Бакиевдер качканда өлкөдөн чыгып кеткен. Анын аты Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлук боюнча иште да аталган.

Түрдүү ММКлардын маалыматтарына ылайык, Ширшов Кыргызстандан  чыгып кеткенден кийин Украина жана Ригада ишин улантып, энергетика тармагындагы чиновниктерге кызмат кылып келет.

Социалдык тармактардан жана интернет айдыңынан Ширшовдун сүрөттөрүн табуу дээрлик мүмкүн эмес.

Кыргызстандын энергосистемасында азыркыга чейин иштеп келген бир катар коррупциялык схемалардын автору катары Ширшовду атап келишет. Түрдүү пикирлерге ылайык “ширшовдун сехмалары” электроэнергетика, газ жана көмүр тармактарына чейин тараганы да белгиленген. Анын схемалары 2007-2010-жылдардагы  оппозициялык маанайдагы саясатчылардын билдирүүлөрүнөн улам кеңири тараганы белгилүү.     

Схема №1. Өлүү жандар

Бул схема аркылуу электр энергиясы жашоодо болбогон абоненттерге жазылып келген. Бөлүштүрүү компаниялары кагазда болбогон абоненттерди каттоого алган, маселен курулуп жаткан – электр энергиясына кошула элек үйлөрдү. Бирок чынында ири ишканаларга эсептегич машинесин (счетчик) койбой эле сатып келишкен. Реалдуулукта болбогон абоненттердин төлөбөгөн акчалары, карыздары коммерциялык жоготуулар деп жабылып келе берген.

Мындай схема менен иштеген компаниялар энергокомпаниялардын маалымат базасында болбогону менен Юстиция министрлиги жана Мамлекеттин салык кызматынын документтеринде катталган эле.

Схема №2. Контролер менен сүйлөшүп алуу

Абонент энергокомпаниянын кызматкери менен алдын ала келишип алып, колдонулган киловатт-сааттар жашырылып келген. Өзүнүн пайдалануу нормасын билген абонент кайсы бир бөлүгүн мамлекетке төлөсө, кийинки бөлүгүн контролерго (өз “жетекчилери” менен бөлүшкөн адис) берип, көп бөлүгүн өзүндө кармап калчу. Бул ыкма аркылуу компаниядан электр энергиясын уурдоо жолу иштелип чыккан.

Схема №3. Электр энергиясын официалдуу эмес экспорттоо

Электр энергиясын де-факто жана де-юре ар кандай баада сатуу. Маселен, Кыргызстандын бийлиги энергиянын киловатт-саатын бир центке саттык деп жарыяласа, чынында Казакстан үч центтен алып келген.

Схема №4. Электр тармактарын ижарага колдонуу

Энерготармактарын ижарага иштетүү учуру кенен колдонулуп, энергетика Министрлигинин чиновниги менен электр энергиясын сатып алуу жана сатуу лицензиясын алуу боюнча маселе каралган. Аны ийгиликтүү алгандан кийин жеке менчик бөлүштүрүүчү компания түзүлчү.

Мисалы, ишкана электр энергиясын өндүргөндөрдөн 26 тыйындан сатып алып, акыркы керектөөчүгө 1,5 сомдон сатып келген. Ортодогу киреше айырмасынын кайсы бир бөлүгү энергосекторду өнүктүрүүгө – шаймандарды жаңылоого, инфраструктураны оңдоп-түзөө, учетко алуу куралдарын орнотууга, энеорготармактарын өнүктүрүүгө жумшалышы керек болгону менен анын бардыгы компаниянын чөнтөгүнө түшүп турчу. Кирешени өздөрү каалагандай кылып бөлүштүрүүгө эч ким тоскоолдук кылган эмес.

Лицензияны алуу жолу да өтө жөнөкөй болуп, коомчулук бул схеманы Алексей Ширшов тапкан деп айтып келген.

Өз кезегинде бөлүштүрүү компаниялары мамлекеттик тармактарды эң арзан баада сатып алышчу. Азыр кырдаал өзгөрүп, лицензияны алуу дээрлик мүмкүн эмес. Бирок, өлкөдө болжолу менен 25 бөлүштүрүү компаниялары иштеп, алардын ишмердүүлүгү өзгөрүлбөгөнү айтылып келет.

Схема №5. Өз адамдарга тендер

Оңдоп-түзөөгө, шаймандарды сатып алууга, курулушка атайын тендер уюштурулуп алдын ала даярдалган фирма утуп келген. Чынында эч нерсе өзгөрүүсүз болуп, акчалар фирмага жазыла берген.

Схема №6. Газ

Ширшовдун компаниясы арткан ашык газды Казакстандан алып “Кыргызгазга” рыноктук баадан төмөн сатып келген. Ошол кезде Кыргызстан бул маселе боюнча Өзбекстандан көз каранды болуп, контрабанданы өзбек аналогунан арзаныраак сатып алчу. Газга болгон баалардын ортосундагы айырма тараптардын капчыгында кала берген.

Бул схеманын автору катары да Алексей Ширшовду эсептешет.

2021 10 11 14 11 24 175151 Алексей Ширшовдун коррупциялык сехмалары кандай иштеген?