Жалал-Абадда 18 жаштагы жаран дайынсыз жоголду

Жалал-Абадда 18 жаштагы жаран дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылынын 18 жаштагы Д. уулу Ө. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Аны издөөгө бүгүн, 10-майда 3 куткаруучу жана туугандарынан 10 адам тартылган.