Көк бөрүдө Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы жеңүүчү болду

Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеште Жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы жеңүүчү болду.

Баткенде өткөн беттеште Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасы Таластын “Ынтымак” командасы менен беттешти.

Оюндун негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Кошумча берилген 10 мүнөттө жеңүүчү аныкталбай, буллитте Чүйдүн оюнчулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.