Астанада киберспорт боюнча Кыргызстандын командасы биринчиликти алды

Казакстандын борбору Астана шаарында, Эл аралык технологиялык Digital Bridge 2022 аталышындагы форумдун алкагында, ALAMAN DIGITAL BRIDGE 2022 конкурсунун финалы болду.

Анда кыргызстандык Wet Killers аталышындагы алты адамдан турган команда жеңип чыкты. Белгилүү болгондой, буга чейин биздин команда мурда өзбек командасын уткан.

Оюнга катышкан жигиттердин айтымында, оюн оңой эле болду, эч кандай кыйынчылыктар болгон жок.

Форумга 5 миңге жакын коноктор, 300дөн ашуун АТ компаниялары, дүйнө жүзү боюнча 200 баяндамачы, 70 инвестор катышат. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, венчурдук инвесторлор, технологиялык ишкерлер жана Казакстандын жетектөөчү эксперттери жана эл аралык эксперттер санариптик трансформация жана заманбап реалдуулуктарда өндүрүш процесстерин модернизациялоо боюнча актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чарага Казакстандын Президенти Кассим-Джомарт Токаев да катышты.