
5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.