Президент «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды, ал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчыга маалымдалгандай, учурда «Каракол» эл аралык аэропортунун аэродромунда 2000×35 м өлчөмүндөгү бир жасалма учуу тилкеси жана конуу тилкесин перрон менен байланыштырган тилке жолдор бар.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому менен аэропортторду жана аэровокзал комплекстерин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген.

Атап айтканда, иш-чаралар планында «Каракол» эл аралык аэропорту боюнча иштер: жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен «Каракол» аэродромунун элементтерин реконструкциялоо, ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропортунун терминалдык комплекстин жаңы имаратын куруу каралган. Жаңы терминалдын курулушу Каракол аэропортуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошентип, эл аралык каттамдар менен жүргүнчүлөрдү кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Заманбап жүргүнчү инфраструктурасы жана аэропорттун ыңгайлуу жайгашуусу жалпы аймактын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышына мүмкүнчүлүк түзөт, кошумча туристтик агымдарды тартууга жардам берет.

Президент Садыр Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын курулушу боюнча маалыматты угуп, аэродромдорду/аэропортторду куруу жаатындагы иштерди бардык эрежелерге жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык, өз убагында так жүргүзүүнү тапшырды.