Алай жана Кара-Кулжа райондорундагы сел жүргөн аймакта милиция кызматкерлери коопсуздук чараларын көрүшүүдө

2022-жылдын 3-май күнү саат 16:00 чамаларында Алай жана Кара-Кулжа районунун аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жамгыр жаап сел жүргөн. Алай району боюнча: Алай районунун Корул айыл аймагынын Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын Корул дарыясынан келген сел алып кеткен. Учурда Корул айыл аймагынын Биринчи-Май айылын, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзгүлтүкө учураган.

Ошол эле айылдын Тогуз-Булак айылында жылгадан түшкөн сел жол четиндеги 2 (эки) даана электр мамычасын жараксыз абалга чыгарып, 7-8 жарандын үйлөрүнүн короосуна сел кирип, жайыттан 3 (үч) баш бодо малды агызып кеткен.

Учурда бодо малдын ээлери ким экендиги такталууда.


Ошол эле күнү Коңур-Дөбө айыл аймагынын Боз-Караган жана Кара-Шоро айылдарында, Жошолу айыл аймагынын Үч-Чат айылында, Гүлчө айыл аймагынын Курманжан-Датка айылында тоо жылгаларынан түшкөн сел бир нече жарандын үйүнүн короосуна кирип, огороддорун жууп кеткен. Жергиликтүү тургундардын турак жайлары жана мамлекеттик имараттары зыянга учурагандыгы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Бул табигый кырсык жүргөн айылдарда Алай районунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, N 959-Жол тейлөө мекемеси жана жергиликтүү айыл өкмөттүн жол тазалоочу техникалары жана кызматкерлери сел түшкөн жолдорду жана жарандардын турак жайларын тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары Ош облусунун жол тейлөө ишканасынан кошумча техникалык күч каражат тартылууда. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун жана жол коопсуздугун камсыз кылуу жана унаа тыгындарынын пайда болушун алдын алуу максатында аталаган участкаларда Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн топтор ИИМдин нускамасына ылайык иш алып барышууда. Ал эми аталган табигый кырсыкта жергиликтүү тургундарга жана мамлекетке келтирилген зыяндын чыгымы такталууда. Аталган табигый кырсык Алай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кара-Кулжа району боюнча Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чалма айыл аймагынын Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту колоттордон түшкөн сел болжол менен саат 18:00 дөр чамасында 2020-жылы курулган унаа көпүрөнү (узуну 6 м, туурасы 4 м) толугу менен алып кеткен. Жабыркагандар жок. Көпүрө 2020-жылы КР ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралар” мерчеминин негизинде курулган. Бул жагдай боюнча маалымат Кара-Кулжа РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.


Ош ОИИБдин басма сөз кызматы