Оштун Кара-Кулжа районунда сел Чалма айыл аймагында автоунаа өтчү көпүрөнү алып кетти

Оштун Кара-Кулжа районунда 3-май күнкү сел Чалма айыл аймагында автоунаа өтчү көпүрөнү алып кеткен.

Маалыматта айтылгандай, көпүрө эки жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-мерчемдеринин негизинде курулган.

Селден адам өмүрүнө зыян келген жок. Жеринде тактоо, тазалоо иштери уланууда.

Ушул күнү Алай районунда да сел жүрүп, Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү бузган.