Садыр Жапаровдун катышуусундагы «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши башталды, – түз эфир

Бишкекте 4-5-майда «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши башталды.

Мелдештин ачылышында Садыр Жапаров спорт бул — ден соолуктун булагы экенине токтолуп, ынтымак болсо, дүйнөдө молчулук болорун баса белгиледи.

«Турнирде күчтүү команда жеңсин», — деди президент.

Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган.

Достук турнири “Президенттин администрациясы менен “Жогорку Кеңеш” командаларынын оюну менен башталды.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт. Командаларды тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак тартуу аземи өткөн. Ага ылайык, 4 тайпа түзүлдү:

А тайпасы: “Президенттин администрациясы, “Ден соолук”, “Жогорку Кеңеш”;

В тайпасы: “Өнөр”, “Билим”, “Ыйман”;

С тайпасы: “Бизнес”, “Элчилер”, “Спорттук федерациялар”;

D тайпасы: “Алга”, “Аймактар”, “Журналисттер”.

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

YouTube video