Жашы жете элек баланы рулду башкарууга уруксат берген адам талкууда, – видео

0
189

Орозо айт күнү кечке жуук Бишкек шаарында жаран кичинекей балага өзүнүн унаасына отургузуп айдаткан видео тарады.

Аны байкап калган айдоочу артынан кууп барып, 060 ААР номердеги жолтандабасты зордоп токтоткон. Видеону Фейсбук барагына Гүлпери Жанышбекова жүктөдү.

Унаанын ээси он метр жерге эле рулду бергенин айтып, видеого тартпоону суранган.

“Силер эмне кылып жатасыңар, рулду башкарганга эмнеге уруксат бердиңер, бала канча жашта? Өзүнөрдүн да башкалардын да жашоосуна коркунуч келтирип жатасыңар? Мен көрүп алып шок абалында турам. Бул эмне деген шумдук”, – деди токтоткон айдоочу.

Рулду башкарганга берген айдоочу дароо кечирим сурады.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.