5500 сом айып салынды. Жаш баланы рулга отургузган жаран өзү милицияга келди

Социалдык тармактарда жаш баласын унаа башкартып бара жаткан айдоочу өзүн социалдык тармактардан көрүп, өзү кайгуул кызматына байланышка чыкты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери аталган жаранга карата тийиштүү протокол толтуруп, 5500 сом өлчөмүндө айып салган.

Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү кошумчаланды.