Кадамжай районунда мектеп окуучусу асынып алды

Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкенин «24.kg» жазды.

Маалым болгондой, 16 жаштагы бала өз үйүнүн сарайында асынып алган абалда табылган.

«Кабар милицияга түнү келип түшкөн. Окуя болгон жерге чыгып кеткен милиция кызматкерлери өспүрүмдүн үйүндө жалгыз калганын аныкташкан. Ал сарайда асынып алган.

Маалым болгондой, баланын атасы Ошто дарыланса, апасы азыр Орусияда. Өз жанын кыюунун себептери иликтенип жатат», — деп билдиришти облустук ИИБ.