
«Ала-Арча» эс алуу жайына бара жаткан жолдо унаалардын узун тыгыны пайда болду.
Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-9-май эс алуу күндөрү деп жарыяланган. Ал эми бүгүн 2-майда Орозо айт майрамы белгиленүүдө.
Жаралган узун кезек тууралуу соцтармак колдонуучулары сын пикирлерин да билдиришүүдө. Айрымдардын айтымында элдин мындай агылуусу «Ала-Арча» паркындагы таштандынын көбөйүүсүнө алып келет.