Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана КР президенти Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

«Гуманизм идеяларына толгон бул куттуу майрам жаркын ислам дининин өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук, кайрымдуулук, боорукердик, тилектештик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү сыяктуу бийик баалуулуктарын камтыйт.

Тарыхый бекем салттарга ээ болгон достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү менен биздин өлкөлөр элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык биргелешкен жаратмандык күч-аракет менен мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо катында.

Тажикстандын президенти бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн ушул берекелүү күндөрдө бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.