Садыр Жапаров айт намазга катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-майда, Бишкек шаарынын Эски аянтында ыйык Орозо айтка байланыштуу айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык айт намаз миңдеген кыргызстандыктардын катышуусунда өттү.