Чоң Чүй Каналына сууга түшүп кеткен киши куткарылды

1-майда Свердлов районундагы Ю. Абдрахманов көчөсүндө Б.И. аттуу эркек киши Чоң Чүй Каналына сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Такталган маалыматка ылайык, куткаруучулар ыкчам издөө иштерин жүргүзүшүп, 1995-жылы туулган жаранды суудан алып чыгышкан.

Тартылган куткаруучулар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми кырсык катталган жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.