Нарында сууга түшүп кеткен бала он алты күндөн бери табыла элек

Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 22-мартта издөө иштерине Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулду. Бүгүн, 23-март күнү улантылат.

Белгилей кетсек, 7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иштери дароо башталганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин натыйжа бербей келет.