Сокулук РИИБнын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК: Сокулук РИИБнын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Сокулук РИИБнын тергөөчүсү М.Э. жана ыкчам кызматкери У.И. кармалды.
 Кыргыз Республикасынын УКМКга буга чейин КР А.Ж. аттуу жараны сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.
2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж. карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.
 2022-жылдын 28-апрелинде саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнын тергөөчүсү милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.
 Кармалган М.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
1 5 Сокулук РИИБнын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
WhatsApp Image 2022 04 29 at 10.38.19 Сокулук РИИБнын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды