Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолугушуу өткөрдү

Президент Садыр Жапаров укук коргоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан. Өлкө башчы алар менен коомдогу акыркы көйгөйлөр, болуп жаткан окуялар тууралуу пикир алышкан.

Ал эми жолугушууга катышкан Рита Карасартованын айтымында, Жапаров менен жолугушууну жарандык коомдун өкүлдөрү демилгелеген.

«Кыргызстанда көп окуялар улам кайталанып жатканын, бирок биз алардан сабак албай жатканыбызды баса белгиледик. Митингдерге тыюу салуу, камоо, журналисттерди куугунтуктоо тууралуу сөз болду. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарына басым жасаган жагдайларды талдап, пандемия учурундагы журналисттердин ролу, 2021-жылдагы Баткен окуясы тууралуу сүйлөштүк», — дейт Карасартова.

Маалым болгондой, президент менен жолугушууга Нурбек Токтакунов, Гүлшайыр Абдрасулова, Динара Ошурахунова да катышты.