Баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМ: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөн жок кылынды.

whatsapp image 2022 04 29 at 11 34 11 Баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан белгисиз адамдарга карата маалымат текшерилип, алар «Telegram» каналында «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүн түзүп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен.
Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүмүнүн 1-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМинин БМЖКККнын Тергөө кызматында катталган.

whatsapp image 2022 04 29 at 11 34 24 Баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


Интернет-дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн Интернет түйүндөрүндө, тактап айтканда социалдык топтордо башка каналдарда 2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын И.Н. аттуу жараны, жана Россия Федерациясынын Л.И., жараны кармалгандыгын белгилей кетүү керек.
Жеке тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизаты алынган.
Мындан тышкары, алар өз ыктыяры менен 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар табылган жана алынган Чүй облусунун аймагында мурда катылган кыстармалар (закладки) көрсөтүлгөн.
Жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө. И.Н. жана Л.И. төмөнкү заттар табылып, алынган:
• “гашиш” баңгизаты, таза салмагы – 71 гр.;
• “гашиш” баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;
• Компьютер жана ноутбук;
• 3 даана Уюлдук телефондор.;
• Банк карталары
Белгилей кетүүчү нерсе, Л.И. «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат.
Кармалгандар Бишкек ш. ИИБ убактылуу кармоо жайына киргизилген.

whatsapp image 2022 04 29 at 11 34 17 Баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, электрондук алып жүрүүчүлөрдү башка интернет-дүкөндөрдүн табылышы боюнча текшерүү дайындалган, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
КР ИИМдин БМЖККК республика боюнча ушундай эле фактыларды табууга багытталган тиешелүү иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет, ошондой эле башка өлкөлөрдүн баңгизаттарга каршы кызматтары менен бул өлкөлөрдө жайгашкан интернет дүкөндөрдү жана ээлерин аныктоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча өз ара аракеттенүү жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы