Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну кармалды

Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ош шаарынын 47 жаштагы Д.К. аттуу тургуну 2019-жылы Лейлек районунун аймагында алдамчылык менен алектенип, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 4 жылдан бери издөөдө жүргөн Д.Кнын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып келинди.


Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.