Болот Темировго козголгон 4 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктилди, – Алтаир Исмаилов

Милиция Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон төрт кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилгенин, тергөө аяктаганын билдирди. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Алтаир Исмаилов 26-апрелде басма сөз жыйынында материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

«Болот Темиров 16 жашында, 1996-жылы Орусиянын паспортун алган. Журналист чоочун адамдын аскер билетин пайдалануу менен 2008-жылы кыргыз паспортун алган. Негизи биздин мыйзамдар боюнча президентке кайрылуусу керек болчу. Бүгүнкү күндө козголгон 4 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктилди. Башкы прокуратура карап, сотко жөнөтүлөт»,-деди Исмаилов.

Мунун алдында Болот Темиров мындай дооматтарды четке кагып, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын катчылыгында иштеп жүргөндө анын документтери тыкыр текшерилгенин айткан.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде журналисти «жасалма документтердин негизинде паспорт алган» деп айыптаган.