Балыкчыда аскер кызматчылардын 900 миң сомдон ашык акча каражатын кымырып алгандар кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш чаралар жүргүзүлдү.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, текшерүүдө Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансалык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдаларына сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.