Садыр Жапаров: Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз?

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде Кыргызстандын тышкы саясаты бардык мамлекет менен бирдей болорун айтты.

Ал Кыргызстан чакан өлкө болгондон кийин бардык өлкө менен сый мамиледе болушу керек деп эсептейт.

«Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз? Үй-бүлөсүн бага албай тентитип жибергендер дүйнөлүк саясаттан сүйлөп, акыл үйрөтүп баштаганда, күлкүң келет.

Биз соода-сатык жана экономикабызды чыңдашыбыз керек. Кыргызда «Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот» деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, биз тышкы карызыбыздан кутулуунун, экономикабызды көтөрүүнүн камын ойлошубуз керек. Ошол үчүн бир эле Америка эмес, бардык өлкө менен экономикалык келишимдерге кол коюшубуз керек», — деди Жапаров.


Президент мындай пикиринин Орусия-Украина маселесине байланышы жок экенин эскертти.