Улукбек Жолдошбеков жана Ислам Орозбеков Азия чемпионатында коло медаль утту

 Кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков жана Ислам Орозбеков Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Улукбек Жолдошбеков жана Ислам Орозбеков Азия чемпионатында коло медаль утту

Үчүнчү орун үчүн күрөштө Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта индиялык балбанды 6:4 эсебинде жеңсе, Ислам Орозбеков (74 кг) өзбекстандык спортчуну 11:0 эсебинде утту.

Азия чемпионатында буга чейин Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 12 медаль багындырышты:

Алтын медаль:

Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;

Тынар Шаршенбеков – 63 кг;

Акжол Махмудов – 77 кг;

Айпери Медет кызы – 76 кг.

Күмүш медаль:

Айсулуу Тыныбекова – 62 кг;

Мээрим Жуманазарова – 68 кг;

Эрназар Акматалиев – 70 кг.

Коло медаль:

Алмаз Сманбеков – 57 кг;

Адилхан Нурланбеков – 72 кг;

Арсалан Будажапов – 79 кг;

Үзүр Жузупбеков – 97 кг;

Роман Ким – 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өттү.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.