
Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды.
Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Сокулук РИИБге мурунку күйөөсүнө чара
көрүү өтүнүчү менен 1993-жылы туулган А.Г., аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, март айларынын аяк ченинде кечки саат 22:00дөр
чамасында, күч колдонуу менен элүү беш миң сомдон ашык суммадагы эки
телефонун тарттырып жибергенин айткан.
Сокулук РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө
иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган М.М. кармалган.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.
Учурда ал адам Сокулук РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.