
Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды.
70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3 эсебинде, жарым финалда монголиялык Темулен Энцтуйаны 12:6 эсебинде утуп алган.
Финалда япониялык Тайши Нарикуни менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.