
Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев финалга чыкты.
Акматалиев Мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңип алган.
Ал эми жарым финалда монголиялык Темуулен Энхтуя менен кез келип 12:6 эсебинде артта калтырды.
Финалда кыргызстандык балбан япониялык спортчу Таиши Нарикуниге каршы күрөшөт.