Бишкектеги жети көчөнүн тротуарларын оңдоо иштери пландалып, төрт көчөнүн тротуарларын оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тротуарлары оңдоло турган көчөлөр:
- Жибек-Жолу көчөсүнүн түндүк-түштүк тарабы, Ибраимов көчөсү — Жаш Гвардия бульварына чейин,
- Чүй көчөсүнүн түндүк-түштүк жагы, Ибраимов көчөсү — Жаш Гвардия бульварына чейин,
- Абдрахманов (Байтик Баатыр к.)көчөсүнүн чыгыш-батыш жагы, Ахунбаев к. — Жибек-Жолу көчөсүнө чейин,
- Абдрахманов көчөсүнүн чыгыш-батыш тарабы, Киев көчөсү — Жаш Гвардия бульварына чейин,
- Манас проспектисинин чыгыш-батыш тарабы/Ч.Айтматов көчөсүнөн — Жибек-Жолу жана Ахунбаев к. чейин,
- Жаш Гвардия бульварынын чыгыш-батыш тарабы, Бөкөнбаев к. — Жибек-Жолу көчөсүнө чейин,
- Ахунбаев к. түштүк-түндүк тарабы, Жукеев-Пудовкина к. — Ч.Айтматов көчөсүнө чейин.