““Дордой” базары, Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар жолу…” дагы кайсы жолдорго эми акы төлөнөрү айтылды

Кыргызстандын Чүй облусундагы айланма жолу акы төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, айланма жол реконструкцияланат.

«Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет. “Дордой” базарынын аймагында узун тыгындар бар экенин билесиңер, ал жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз», — деди ал.

Нурланбек Кайынбаев белгилегендей, Өзгөн шаарынын айланып өтүүчү жолу да акы төлөнөт.

Буга чейин Транспорт министрлиги альтернативалык Бишкек-Кара-Балта-Чалдовар жолу да акы төлөнөрүн билдирген.