Чүй облусуна жаңы казы дайындалды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы болуп Абдил-Азиз Чыныбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койгонун Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жаңы дайындалган Чүй облусунун мусулмандарынын казысын жалпы эмгек жамаатка тааныштырды.

Өмүр баяны

Абдил-Азиз Чыныбеков 1990-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

— 1998-2008-жылдары Бишкек шаарындагы №31 жана Чүй облусунун Новопавловка айылындагы №2 мектебин аяктаган.

— 2008-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Абдулла ибн Масуд» диний окуу жайын аяктап, «шарият боюнча мугалим» кесибине ээ болгон.

— 2016-2021-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин «Укуктук мамилелердин тарыхы» факультетин аяктаган.

— 2017-жылы Кувейт мамлекетинен шарият боюнча квалификациясын жогорулаткан.

Эмгек жолу:

— 2015—2016-жылдары Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы медреседе мугалим;

— 2016-2017-жылы Чүй облустук мусулмандарынын казыятында катчы;

— 2017-2023-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси;

— 2023-жылдын 16-мартынан тарта Чүй облусунун мусулмандарынын казысы.

Үй-бүлөлү, 1 кыздын атасы.

Кыргыз, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.