Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу министр 7-каналга билдирди.
Ошондой эле тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жана Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөттү.
Жабыла турган медколледждердин тизмеси:
- Ош облустук медициналык колледжи;
- К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин алдындагы медициналык колледж;
- «Авиценна Билим» медициналык колледжи;
- Н. Пирогов атындагы медициналык колледж;
- Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
- Кочкор-Ата аймактык колледжи;
- ISITO медициналык колледжи;
- «Дулдул Тоо» Араван колледжи;
- С. Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи;
- MUNIB медициналык колледжи;
- Медицина жана фармация колледжи.