Депутат: “Кумтөрдө” айдоочудан баштап жогорку кызматка чейинки адистер кыргызстандык жарандар

Кумтөр алтын кенинде бүгүнкү күндө жүрүп жаткан иштер абдан жакшы абалда экенин 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди. Ал 19-апрелде Кумтөрдө парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны өткөнүн маалымдады.

Ал депутаттар карьердин өзүнө чыгып, тоо-кен техникасын оңдоочу цехтин, алтын иштетүүчү фабриканын иши менен таанышканын жана жардыруу, казуу иштерине күбө болушканын айтты:

“Абдан жакшы абалда экен иштөө процесси. Башкысы – кендеги жөнөкөй оператордон, айдоочудан баштап жогорку кызматка чейинки адистер кыргызстандык жарандар экенин көрүп кубандык. Кен ачылгандан бери иштеп келаткан, ишти ийне-жибине чейин билген адистер экен. Бир аз кемчиликтерге да күбө болдук – зыян калдыкты сактоочу жай бир нече миң тонналык болуп калыптыр. Бул азыркы жетекчилердин күнөөсү эмес. 30 жыл ичинде аны рекультивация кылып турушса болмок, андай болбоптур”.

Токторбаев кенде кайра иштетүүчү жаңы заманбап фабрика курулуп, калдыктын арасындагы 100 тоннадан ашык алтынды алуу планы коюлуп жатканы тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады. Анын айтымында, депутаттар кендеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн жылып кеткен абалына да күбө болушту.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде кайрылуу жасап, канадалык инвестор “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары “Кумтөр голд компанидеги” 100% акциясы эми Кыргызстанга таандык экенин айткан. Бул үчүн Кыргызстан “Центерра голддогу” 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап тең доодон баш тартат.

13-апрелде “Бириккен демократиялык кыймыл” Бишкекте жыйын өткөрүп, Кумтөр кени боюнча “Центерра голд” менен келишимден баш тартуу мүмкүн экенин билдирген. Алар Кыргызстан Кумтөр боюнча келишим менен “Центерра голддогу” акцияларынан кол жууп, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп эсептейт.