Болот Темировго карата козголгон иштер боюнча ИИМ маалымат берип жатат

0
15

 Бир нече күн мурун Тemirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата 3 кылмыш иши тергелип жатканын айткан.

Темиров 20-апрелде шаардык милицияга сурак берип чыккан жана бүгүн да чакыртылганы кабарланган.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы журналисттин иштери тууралуу маалымат таратып, Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Эске салсак, быйыл жыл башында Ички иштер министрлиги Болот Темировго жана анын Тemirov LIVE компаниясында иштеген төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү») менен кылмыш ишин козгоп кармап, тил кат менен бошотулушкан.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.