Улуттук банкы акча которуу эрежелердин өзгөрүшү боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Улуттук банкы акча которуу системасына байланыштуу эрежелердин өзгөрүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Эске салсак, мындан ары Кыргызстанга которулган акчаны жиберген өлкөнүн гана валютасында алууга болот.

Улуттук банк мындай нерсе экономикалык коопсуздукту камсыздоо, ички валюта рыногун турукташтыруу жана доллардын сыртка чыгышынан улам жаралган жагымсыз кесепеттерди азайтуу үчүн жасалып жатканын айтты.

“Акыркы кезде акча которуулардын көлөмү кескин өсүп кетти. Казакстан менен Орусиядан түшкөн акчаны кардарлар доллар менен накталай берүүнү талап кылышууда”, — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк эскерткендей, учурда эл аралык акча которуу системасы боюнча келген каражат жөнөткөн өлкөнүн валютасында же сом менен берилип жатат.

“Мисалы, акча Орусиядан которулса алуучуга рубль менен, Казакстандан которулса теңге менен, ал эми башка өлкө болсо коммерциялык банктын курсу боюнча улуттук валютада берилет. Эгер валюта өлкө аймагында көп колдонулбаса коммерциялык банк Улуттук банктын курсун колдонот. Ал эми кардарга алмаштыруу курсу алдын ала айтылышы керек”, — деди УБ.

Акча которуунун конвертация эрежеси өзгөрүүсүз калат. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен улуттук сомго гана конвертациялай алат.

Кардар коммерциялык банкка которулган каражатты анын эсебине же электрондук капчыгына которуп коюуну табыштай алат.

Эгер акча которуучу каражатты Кыргызстандын коммерциялык банктарында ачылган долларлык эсепке Орусиядан рубль менен жөнөтсө, анда банк өзүнүн курсу боюнча конвертация жасайт