Ошто өзгөчө оор кылмыш жасаган адам изделүүдө

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү мурда катталган, өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү жаранга издөө салат.

Милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Ош шаарынын аймагында өзгөчө оор кылмыш жасоого шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын тургуну 1986-жылы туулган Маданов Төлөгөн Урубаевич изделүүдө.

Бою 170-175 см, кара тору, толмоч жүздүү, чачтары кыска алынган. Кылмыш жасаган учурунда кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү кепка, кара түстөгү кышкы куртка, көк түстөгү джинсы шым.

Өзгөчө белгиси: Сол кашынын үстүндө бармак басымдай калы бар.

“Жогорудагылардын негизинде, кимде бул шектүү тууралуу маалымат болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнө: 0501-15-07-07, 0554-65-65-65, 0777-45-96-78 номерлери аркылуу байланышка чыгып коюуӊуздарды суранабыз. Маалымат берген тараптар тууралуу жашыруун сыр сакталат”, – деп айтылат маалыматта.