Эдил Байсалов: Ташиевдин баласы уткан тендердин кирешеси 300 доллар

Темиров Live каналынын жарыялаган иликтөөсүнө Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов жеке баракчасына өз пикирин жазды.

Анда ал “Ташиевдер жыйырма беш жылдан бери күйүүчү май менен иш алып барып келээрин жана аталган канал жарыялаган тендер үч жүз долларлык кичинекей тендер. Анын кирешеси үч жүз доллар” деп жазган.

“Аталган канал манипуляция жасап, хайп жаратып жатышат. Бул жакта эч кандай коррупция жок, эч кандай мызам бузуу да жок. Биз баарыбыз Нурсултандын чоң атасы илимпоз, ал эми атасы офицер болгон үчүн жаман көрүшүбүз керекпи?

Ташиевдин баласы бардык тендерди жеңип алды деп коомчулукка жарыялагандын кереги жок, элдин баары билет Ташиевдер мурдатан эле бензин менен алектенээрин”, – деп жазды ал

WhatsApp Image 2022 04 20 at 09.09.24 Эдил Байсалов: Ташиевдин баласы уткан тендердин кирешеси 300 доллар

Эске салсак, Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темировго дагы үч кылмыш иши козголгонун журналист өзү кабарлаган.

Аталган каналга 22-январь күнү кечинде милиция кызматкерлери атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда борбор калаадагы Темиров Live каналынын журналисттеринин кеңсесине келишкен. Болот Темиров кармалып, Бишкек ШИИБге жеткирилсе, ал эми каналдын кызматкери акын Болот Назаров да кармалган. Коомчулуктун нааразычылыгынан улам экөө тең үй камагына чыгышкан.