Токмоктун мэри: Өзүңөрдүн унааңар эшикте турса, өкмөттүн унаасын гаражга койгула

Токмоктун мэри Урмат Самаев мекеме жетекчилерине кайрылуу жасап жаткан видео талкуу жаратты.

“Урматтуу жетекчилер, мына 8 айда 8 унаа келди. Өкмөт тараптан санэпидемстанция менен ооруканага качан эле ушундай унаалар келди эле? Өкмөт тараптан министр аракет кылып ушундай унааларды берип жаткандан кийин биз иштешибиз керек. Күнбү, түнбү карабай иштешибиз зарыл.

Өзүңөрдүн унааңардан өкмөттүн унаасын артык көргүлө. Өзүңөрдүн унааңар эшикте турса, өкмөттүн унаасын гаражга койгула. Мэриянын унаасы гаражда турат. Мэриянын жумушу болгондо гана биз ал унааны айдайбыз. Өкмөт тараптан жардам болуп турсун”, – деди ал.