
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгачкы ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашты. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны финалга чыкты.
Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынайт.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.