Чүйдүн тургундары жол тосушту

Чүйдө ондогон тургундар жолду тосуп алышып, бийликке талаптарын жеткирүүнү көздөп жатышканы тууралуу айрым басылмалар жазып чыгышты.

image 20 3 Чүйдүн тургундары жол тосушту

Ага ылайык, Чүйдүн Ленин, Кайырма жана Молдовановка айылдарынын тургундары Алма-Ата көчөсүн тосушкан. Алардын айылдарына тиешелүү жерлерди мыйзамсыз басып алууга мыйзамдаштырып берүүгө каршылыгын билдиришүүдө.

Жөн кайрылууга бийлик реакция кылбагандыктан жол тосууга мажбур болушканын айтышкан.

Жол тоскондор тууралуу Чүйдүн милициясына байланышканыбызда аларда маалымат жоктугун айтышты.