ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2022-жылдын 18-апрель күнү Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын тутумунда басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул бөлүктүн түптөлүшүнүн тарыхы Ички иштер министрлигинин 1984-жылдын 18-апрелиндеги буйругу чыккандан тарта башталат. Мындан 38 жыл мурда Ички иштер министрлигинин тутумунда өз алдынча бөлүм катары пресс-бюро түзүлүп, кийин басма сөз кызматына айланган.

WhatsApp Image 2022 04 18 at 10.36.41 1 ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү


Заманбап шарттарда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жарандарга милициянын иши жөнүндө объективдүү маалыматысыз, жарандык коомдун өкүлдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүз, медиа мейкиндигинде пайда болгон маалыматтык жагдайларга жана чакырыктарга ыкчам реакциясыз элестетүү мүмкүн эмес. Бул милдеттерди ички иштер органдарынын басма сөз кызматынын кызматкерлери ийгиликтүү чечип келе жатышат.


Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн эң маанилүү багыттары катары тартип сакчыларынын жагымдуу имиджин калыптандыруу, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдыруу, кадыр-баркын жана беделин көтөрүү, формачан адамдарга болгон элдин ишенимине ээ болуу саналат. ЖМКлар, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары, анын ичинде маалымат жыйындарды жана брифингдерди уюштуруу аркылуу ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз жана өз убагында берүү маанилүү милдеттердин бири болуп эсептелет.

WhatsApp Image 2022 04 18 at 10.36.41 ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү


Калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, анын ичинде диний сабырдуулук жана толеранттуулук чөйрөсүндө, кылмыштуулуктун алдын алууда, жол кыймылы чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алууда, ошондой эле олуттуу мааниге ээ болгон ички иштер органдарынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууда ачык-айкындуулукту, маалымдуулукту камсыздоого басым жасалат, анткени алар милициянын негизги принциптери болуп саналат.


Бүгүнкү иш-чарага ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков, ИИМдин Басма сөз кызматы башкы башкармалыгынын өздүк курамы катышты. Суюнбек Ниязбеков өз сөзүндө Ички иштер министрлигинин маалыматтык саясатын ишке ашыруу милдети жүктөлгөн басма сөз кызматы учурда кубаттуу көп функцияналдуу түзүмгө айланганын, анын аркасында укук коргоо органынын ишмердүүлүгү, милиция кызматкерлеринин күнүмдүк кызматы, коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо жаатындагы негизги милдеттер жөнүндө коомчулук ыкчам жана объективдүү маалымат алып жатканын белгиледи. Басма сөз кызматынын кызматкерлери укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, коомдук тартипти камсыздоого зор салымын кошуп, милициянын ишмердүүлүгү тууралуу коомдук жагымдуу пикирди калыптандыруу, өмүрү коркунуч менен байланышкан формачан адамдардын оор жана кооптуу эмгегине сый-урматты калыптандыруу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи. Басма сөз кызматынын ишин көзөмөлдөгөн министрдин орун басары борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды, ошондой эле бардыгына мындан аркы кесиптик ийгиликтерди, бакубатчылыкты, жакшы жаңылыктарды, кызыктуу темаларды, позитивдүү маалыматтык учурларды каалады.


1984-жылдын 18-апрелинен бери ИИМдин Басма сөз кызматынын тарыхы башталган, дал ошол кезде Ички иштер министрлигинин тутумунда өз алдынча бөлүм катары пресс-бюро түзүлгөн. Басма сөз кызматын өз учурларында Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Бакыт Сеитов, Рахматулло Ахмедов, Гүлсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов сыяктуу тажрыйбалуу кызматкерлер жетектеп келген. Узак аралыкка чейин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматын Бакыт Сеитов жетектеген. 2022-жылдын март айынан бери бул бөлүмдү Тилек Оторов жетектейт. Учурда ведомствонун басма сөз кызматында тажрыйбалуу кызматкерлерден турган команда түзүлүп, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн коомчулукка өз убагында жана объективдүү жеткирүү иштери жүрүп жатат.


Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин аракети менен 2021-жылы басма сөз кызматынын ишинде олуттуу өзгөрүүлөр, анын ичинде түзүмдүк кайра түзүлүүлөр орун алды. Басма сөз кызматынын ишин жакшыртууга жана өркүндөтүүгө, заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздоого ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке салымы чоң. Анын тарабынан ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун камсыздоо жана маалыматтык иштердин активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө чоң көңүл бурулду.


Башкармалыктын басма сөз кызматынын борбору модернизацияланып, пресс-студия түзүлүп, эң заманбап атайын техникалар жана жабдуулар менен камсыздалган. Басма сөз кызматы Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлдү. Министрликтин Басма сөз кызматы башкы башкармалыгында ишмердүүлүктү өркүндөтүү, кадрдык жана кесиптик потенциалды чыңдоо, ведомстволук маалымат каражаттарын жана веб-ресурстарды өнүктүрүү, ички иштер органдарынын теле жана студиялык ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында студиялык бөлүм жана социалдык тармактар менен иштөө боюнча бөлүмчөсү түзүлдү.
ИИМдин Басма сөз кызматынын борбору заманбап жабдыктар менен жабдылуусунун деңгээли боюнча азыркы учурда Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын басма сөз кызматтарынан артта калбайт. Ийгиликтүү жана натыйжалуу иштин далили катары көз карандысыз медиа активдүүлүктүн пикири боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын арасында ИИМдин Басма сөз кызматы баш сабында турат.
Ички иштер министрлигинин Инстаграм баракчасы мамлекеттик органдардын, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын расмий аккаунттарынын арасында абдан белгилүү жана көп катталуучуларга ээ.

WhatsApp Image 2022 04 18 at 10.36.39 ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү
WhatsApp Image 2022 04 18 at 10.36.40 1 ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү
WhatsApp Image 2022 04 18 at 10.36.39 1 ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

ИИМдин Басма сөз кызматы