Быйылкы окуу жылы 8-июнда аяктайт

2021-2022-окуу жылы 8-июнда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган. Анда министрликтин адистери окуу жылынын тартиби боюнча түшүндүрмө берип, 8-июнда окуу жылы бүтөрү менен мамлекеттик экзамендер башталарын белгилешкен. Экзамендер 1-июлда аяктап, күбөлүктөр 11-июлда тапшырылса, аттестат 15-июлда берилет.

2021-жылдын август айында өкмөттүн маалымат кызматы Кыргызстанда окуу жылы мындан кийин дайыма 15-сентябрда башталарын билдирген. Окуу жылынын жылдырышын бийлик эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырып, мындан тышкары бир катар ата-энелер да окуу жылынын башталышын жылдырууну суранганын маалымдаган.

Бирок 2022-2023-окуу жылы качан башталары азырынча белгисиз. Билим берүү министрлиги учурда базистик окуу планы иштелип жатканын айтып, документ бекигенден кийин гана так маалымат берилерин кошумчалады.