Кыргызпатентте “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн модасы. Ысык-Көл-2022” аталышындагы тегерек стол болду

13-апрелде Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда  “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн модасы. Ысык-Көл-2022” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара  Кыргызпатент жана “Мода индустриясы” компаниясы тарабынан уюштурулду.

Тегерек столду Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары И. Мойдинов ачып берип, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары С. Надырбеков сөз сүйлөп, жаш дизайнер Чолпонай Алмаз кызынын “Мурас” коллекциясы көрсөтүлдү.

«Дүйнөлүк көчмөндөр модасы. Ысык-Көл-2022” фестивалынын июль айында өтө турчу программасы тааныштырылып, талкууга алынды.

Иш чарага Кыргыз мода индустриясынын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр катышышты.

IMG 8919 Кыргызпатентте “Дүйнөлүк көчмөндөрдүн модасы. Ысык-Көл-2022” аталышындагы тегерек стол болду

Маалымат иретинде:

“Мода индустрия” компаниясы бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлдеги үч долбоорду ишке ашырып келе жатат. Бул жылы өтө турган иш чарага 70ке жакын мамлекеттин маданият өкүлдөрү, дизайнерлер чакырылды. Жай айында өтүүчү фестиваль 7 күндүк программаны камтып, кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде, Рух-Ордо маданий-мурастар комплесинде өткөрүлөт.